www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башталгыч класстын мугалиминин (бакалавр билими бар) ставкасы 17 миң 255 сомдон башталат. Бул тууралуу Бюджеттик саясат жана каржылык анализ башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Гүлнар Токтакунова Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, тажрыйбалуу жана жаш мугалимдин айлык акысынын айырмасы бир гана стажга байланыштуу болот.

“Стажы бар мугалимдин маянасы 17 миң 255 сомго кошумча 30 пайыз (5 миң 176 сом) кошулат. Бир жарым ставкага иштеген мугалимдердин айлыгы 30 миңди чапчыйт. 5-11-класстын математика сабагынын мугалими бир ставкага иштейт. Эгер ставкасы бир жарым болсо 25 миң 882 сом ала баштайт. Буга дагы стаждын 5 миң 176 сому кошулса 30 миңдей алып калат. Дептерлерди текшерсе кошумча 2 миң 700 сом кошулат. Бул бардык суммадан 20 пайыз салык алынат. Калганы колуна тиет”, - дейт ал.

Токтакунова стаж, дептерлерди текшерүү жана класс жетекчилик кылса кошумча акча берилерин айтат.

“Эгер окуучусу республикалык олимпиаданы утса, анда мугалимге 10 миң сом, эгер эл аралык олимпиданы жеңсе дагы кошумча каражат каралган”, - деди Токтакунова.

​​​​Булак: NazarNews.kg 

Последние новости