www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абактагы акын Аскат Жетиген кат жазып, ден соолугу начарлап кеткенин билдирди.
Анын катын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова социалдык баракчасына жарыялап, Аскат Жетиген катты адвокаты аркылуу берип жибергенин жазды.
"Убакыт азайган сайын күндүн өтүшү жайлап жаткандай сезилет. Негизинен абалым жакшы болгону менен, ден соолугум начарлап жатат. Балким күндүн ысыгынан, балким тамак-аштын аздыгынан болсо керек. Акыркы убактарда башым көп ооручу болду",- деп жазылган катта.
Гүлшайыр Абдирасулова Аскат Жетиген абактан 19-августта чыгышы керектигин белгилеген.
Жаза аткаруу кызматы акындын катында айтылгандар тууралуу комментарий бере элек.