www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен: 10 миңге жакын үй жарыксыз калды

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда авариядан улам 15 жогорку чыңалуудагы электр зымдары өчүрүлдү. Бул тууралуу энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев бүгүн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 32 конуш (9609 үй) электр жарыгысыз калган. Анын ичинде Баткен районунун 26 айылында, Лейлекте алты айылында электр жарыгы жок.

«Бүгүнкү күндө ыкчам топтор түзүлүп, согуштук аймактарда электр менен камсыздоону калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө даяр. Оңдоо иштерине Баткен электр тармактар ​​ишканасынан 60 адам тартылган. Мындан тышкары, республиканын башка аймактарындагы электр тармактар ​​ишканаларынын кызматкерлеринен 42 адам (8ге жакын бригада) тартылган», - дейт Таалайбек Ибраев.

Келтирилген зыяндын көлөмү энергетиктер калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөндөн кийин аныкталат. Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр жарыгы үзгүлтүксүз берилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости