www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин №73- тескемесинин негизинде Кадамжай РИИБдин Р.Нийматов атындагы Айдаркен милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Айдаркен шаары жана Бирлик айыл аймактарында жайгашкан билим берүү мекемелеринде жана соода-сатык дүкөндүн ээлеринен, жеке менчик ишкерлерден анонимдик анкеталар алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чара укук бузуулардын, рекетчиликтин, зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана топтошуп мушташуулардын алдын алуу болуп саналат. Аталган багытта мектептерде «мектеп рекети», коркутуу, зордук-зомбулук, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн атын жамынып кысым көрсөтүү, акча талап кылуу фактыларынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Сурам жылоо иштеринин жүрүшүндө эч кандай терс көрүнүштөр орун алган жок.