www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажик-кыргыз чек арасындагы ок атышуудан улам өз айылдарын таштап кетишкен Лейлек районундагы Максат айылынын 167 тургуну бүгүн кайра өз үйлөрүнө жеткирилди. Кулунду айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери Өскөнбай Ташбалтаевдин маалыматтарына таянсак, абал тынч бирок кооптуу. Бул тууралуу маалыматты жеринен Адылбек Акматов билдирди.
16-сентябрдагы тажик чек арачыларынын аткылоосунан улам Максат айылындагы мектепке гранатаметтун снаряды жарылып, убактылуу окуу токтоп турат. Бүгүн жергиликтүү комиссиялар ок атуулардан улам зыян тарткан турак жайларды, социалдык обьектилердин чыгымдарын эсептеп жатышат.
Эске сала кетсек, ошол күнкү атышууда тажик тарап колдонгон гранатаметтон атылган дагы бир снаряд кыргыз чек арачыларынын көзөмөл жүргүзүүчү мунарасына тийип, бир катар аскердик алысты көргөзүүчү дүрбү жана башка байланыш каражаттарын жарактан чыгарган.
Булак: NazarNews.kg