www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудагы чыгымды эсептей турган комиссия түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

Анын айтымында, 18-сентябрда саат 15:30да Баткен облусунун аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

“Бардык кызматтар окуя болгон жерге чыгып кетишкен. Жеринде инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү иштери менен алек болууда. Кооптонууга негиз жок. Жарык, таза суу, интернет жана уюлдук байланыш калыбына келтирилүүдө. Ошондой эле коргоо жана ички иштер министрлиги тарабынан тиешелүү иштер аткарылууда”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости