www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун борборунда жаңы жылдык балаты жасалгаланбайт жана маданий иш-чаралар да өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Баткен мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Бадалов билдирди.

Анын айтымында, шаардын бюджетин үнөмдөө максатында жетекчилик ушундай чечим кабыл алды.

«Үнөмдөлгөн чыгымга социалдык жактан колдоого муктаждар үчүн жардам берилет. Социалдык жактан колдоого муктаж катмардагы балдарга жана окуусунан өзгөчөлөнгөн окуучулар үчүн гана шаар мэринин балатысы өткөрүлөт«, -деди Равшанбек Бадалов.

Жыл башында шаар казынасынан жаңы жылдык майрамдык иш-чараларды уюштурууга 180 миң сомдон ашык каражат каралган.

Мурдараак Баткен шаарынын мэри апрель айынын соңундагы чек ара чырынан улам көп чыгымдар болгонун айткан. Ошондуктан жаңы жылдык салтанат белгиленбесин билдирген.

Последние новости