www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр балдарым башка жакта, өзүм башка жактамын. Жолдошум элди эвакуациялап  айылда жүрөт. Шаар тынч эмес. Мындай пикирин Баткен шаарынын тургуну Бермет Мамытпай кызы NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--Бермет, Баткен шаарынын эли да  эвакуацияланып жаткан экен. Абал оорлошуп кеттиби? 

--Чек ара чыры кечээ башталган. Октор атылып, чек арада жакын жайгашкан элдер эвакуацияланган. УКМКнын жетекчиси келип, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөндө абал турукташып калгандай болгон. Бирок, кооптуулук бар деген маалымат айтылган. Мурдагыдай эле болуп, кайра тынчып калса керек деп анчалык деле чочулаган эмеспиз. Деморкация, делимитация болуп жатат да. Жагдай сүйлөшүүлөр менен чечилет го деп үмүт артып отурганбыз. Таңкы алтыда көчөдө ызы-чуу болуп, Баткендин борбору да эвакуациялана баштады. Көчөдө БТР менен таңкалар өтө баштаптыр. “Күч керек, эвакуацияланган жарандарды жайгаштырыш керек” дегенинен жумушка бардык. Бирок, үйдө калган балдарымды ойлоп кыжаалат болуп жаттым. Үйгө келсем балдарымды туугандар алып кетишиптир. Абал оорлошо баштаганынан биз да Баткендин борборунан кетүүгө аргасыз болдук.

Мурун чек арага жакын жайгашкан элдерди жайгаштырып, эвакуацияга жардам берсек, бу сапар өзүбүз да качууга аргасыз болдук. Азыр балдарым башка жакта, өзүм башка жактамын. Жолдошум элди эвакуациялап айылда жүрөт. Шаар тынч эмес. Тажиктер аэропортту, военкоматты жардырды деген маалыматтарды угуп жатабыз. Социалдык тармактардан тажиктер райондун мектептерин басып алып, желектерин илгенин көрүп үрөйүбүз учуп жатат. Ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүү болгону менен абал өтө кооптуу. Шаар ок дарынын жыты жыттанып, тез жардамдар тынбай калды. Жараткан өзү колдоп, согуш уланбаса экен. Мындай абалды Кудай эч бир адамдын башына салбаса экен деп тиленип отурабыз.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Тажикстандын аткылоосунан 42 кыргызстандык жарадар болгон. Ошондой эле 15 жаштагы кыз тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости