www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик тарап Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Ак-Татыр айылын бөлүп турган Ак-Суу дарыясындагы көпүрөөнүн Ак-Татыр тарабына  куруп жаткан курулуш ишин бүгүн токтотту. Бул тууралуу маалыматты жеринен Адылбек Акматов NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

Жергиликтүү калктын маалыматтарына таянсак, талаш же тактала элек бул аймакка эки тараптуу келишимдин негизинде эч кандай курулуш иштери жүрбөшү керек болчу. Бирок тажик тарап ошого карабастан шагал төгүп, курулуш иштерин баштаган болчу. Коңшулардын мындай аракеттерине нараазы болушкан Ак-Татыр, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынын тургундары кече Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевге жолугушуп, тажиктерге көз карандысыз Ак-Сай –Рават жолун кыска аралыкта бүтүрүп берүүнү өтүнүштү.

Коңшулардын эки айылды бөлүп турган көпүрөөнүн бир учуна кура баштаган курулушу чек ара тозоту болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Эгерде андай болсо, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнө жана Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына каттоого чоң тоскоолдуктар эле эмес, жолду тосуп койуу кооптуулугу да бар. Ошондон улам тажик тараптын мындай мамилесинен кийин, кыйын жана каражаттаны тартыштыгына карабастан, Ак-Сай-Рават жолун кышка чейин толук бүтүрүп берүүнү суранышты.

Эске сала кетсек, тажик тарап бир эле Баткен районундагы Жака-Өрүктөгү баштаган курулуш иштерин эле эмес, Лейлек районундагы чек арага жакын Максат айыл аймагындагы куруу иштерин да токтотту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости