www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери жолугушту

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Тажикстандын Согд облусунун төрагасы Раджоб Ахмадзода менен жолугушту. Жолугушууда чек арадагы коопсуздук, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Гулистон шаарында өткөн жолугушууга эки аймактын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле чек арага жакын райондор менен шаарлардын башчылары катышты.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишине өзгөчө көңүл буруп, жергиликтүү деңгээлде жаралган маселелерди өз ара түшүнүшүү жана коңшулук мамиле духунда ыкчам чечүүнүн маанисин белгилешти.

Мындан тышкары, Баткен жана Согд облустарынын ортосундагы маданий-гуманитардык, жаштар, спорт жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Облустук администрациянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь–май айларында Баткен облусу менен Тажикстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү көлөмү 700 миң доллардан ашкан.

Жолугушууда «Кызыл-Бел — автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Агрохолдинг» долбоору да талкууланды. Долбоор жаңы жумуш орундарын түзүп, эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө кошумча түрткү берери белгиленди.

Последние новости