www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө жана иликтөө иш-чаралары улантылууда, деп билдирет аталган ведомствонун басма сөз кызматы.
Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө, 2024-жылдын май айында УКМК кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматчылары менен биргеликте Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймактык Достук айылында, 1995-жылы туулган Т.У. аттуу Кыргызстандын жаранынын контрабандалык ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Аталган жаран өзүнүн «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасындагы 21 млн. сомго жакын бааланган уюлдук телефондорду (1300 даанадан ашык) Тажикстанга мыйзамсыз багыттоону пландаган. УКМК тарабынан бул иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, сот органдары тарабынан контрабандага бөгөт коюу боюнча, мурда УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде бир катар чечимдер кабыл алынды.
Алар:
— Баткен облусунун Лейлек райондук соту мыйзамсыз жол менен контрабандалык жүктү (жалпы баасы 870 миң сом болгон таттууларды) Тажикстан тарапка багыттоого аракет кылган М.Т.Р. аттуу КР жаранына карата кылмыш ишин карап, кармалган жүктү жана «Хюндай-Портер» үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын (баасы 700 миң сомдун тегерегинде) мамлекеттин кирешесине конфискациялады жана мыйзамсыз контрабандалык иши үчүн айыпталуучуга 100 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Жалпысынан мамлекеттин пайдасына 1 млн 670 миң сом алынды;
— Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун чечими менен 2000-жылы чыгарылган “Лексус RX 300” үлгүсүндөгү унаасын Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Ю.Н.Ш. аттуу Кыргызстандын жараны Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 4-пунктунун негизинде күнөөлүү деп табылып, 1 жылдык пробация берилди, ал эми кармалган “Лексус RX 300” унаасы мамлекеттин пайдасына алынды;
— Контрабандага каршы күрөшүү боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган «Хундай Портер» маркасындагы жүк ташуучу автоунаа (850 миң сомго жакын бааланган) Баткен облустук сотунун токтому менен мамлекеттин пайдасына конфискацияланды. Ал эми жылкы, мал түрүндөгү аткезилик жүктөр жок кылынууга жатат. Мындан тышкары, бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактарга 60 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
УКМК коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик аракеттерди жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.
Булак: NazarNews.kg