www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда кубаттуулугу 500 кВт болгон электр линиясынын курулушу башталганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинети өлкөдө энергетика тармагында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берген. Билдирмеге караганда, "Муз-Төр" чек ара заставасы электр энергиясы менен камсыздалып, "Баткен облусунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" сыяктуу орчундуу долбоорлор жыйынтыкталган.
"Баткен облусунун аймагындагы жерлерди алуу маселелери да чечилип, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле Баткен облусунда кубаттуулугу 500 кВт болгон электр линиясынын курулушу башталды. Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" кичи ГЭСинин курулушун баштоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.=
Министрлер кабинети аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлгөнүн кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg