www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын өнүктүрүү жана электр энергиясындагы жоготууларды кыскартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында эскирген электр жабдууларын жаңылоо иштери этап-этабы менен улантылууда. 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында Баткен облусу боюнча жалпы 60 чакырым чакырым 6-10/0,4 кВ алюминий зымдарын СИП-2, СИП-3 кабелдерге алмаштыруу пландалса, учурда анын 6 чакырымы тартылып, СИП кабелдерди тартуу жумуштары облустун аймактарында этап-этабы менен аткарылууда. Бул иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Тактап айтканда 6-10/0,4 кВ аба чубалгыларында:

• 10,55 км- СИП 2, 3км-СИП 3 зымы капиталдык курулуш иштеринин алкагында жаңы курулат.

• 13,47 км-СИП 2, 33 км- СИП 3 алюминий зым реконструкцияланып СИП-2, СИП-3 кабелине алмаштырылат.

Учурда иштер төмөнкү райондордо аткарылууда:

Сүлүктү РЭТи боюнча жалпысынан — 15,5 км СИП-2 жана СИП-3 кабелдери тартылат. Бүгүнкү күндө анын 1,7 чакырымы СИП 2 кабелине алмаштырылды.

Лейлек РЭТи боюнча жалпысынан — 22,3 км СИП-2 жана СИП-3 кабелдери тартылса, учурда 2 чакырымы бүткөрүлдү.

Кадамжай РЭТи боюнча — 8,39 км СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин тартуу пландалып, учурда 3,40 чакырымы СИП 2 кабелине алмаштырылды.

Баткен РЭТи боюнча — 12,30 км СИП-2 жана СИП-3 кабелдери тартылат;

Кызыл-Кыя РЭТи боюнча — 16, 98 км СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин тартуу иштери жүргүзүлөт.

СИП кабелдерин тартуу иштери электр тармактарын модернизациялоонун маанилүү багыттарынын бири болуп жумуштар ноябрь айына чейин уланат. Бул иштер калкты сапаттуу, туруктуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт. Жаңыланган электр чубалгылары тармактардын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүүлөрдүн санын азайтууга жардам берет. Мындан тышкары, электр энергиясынын техникалык жоготууларын кыскартып, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө болот.

Эгерде сизде электр энергиясына байланыштуу суроолор болсо, күнү-түнү иштөөчү колл-борборго кайрылыңыздар:

Колл-борбору : 105;

0221 33-36-02- Баткен РЭТ

0772 46-04-01- Сүлүктү РЭТ

0221 55-54-78 -Лейлек РЭТ

0221 55-54-68 -Кадамжай РЭТ

0773 94-07-07- Кызыл-Кыя РЭТ

Последние новости