www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде абал кандай?

Баткен облусунда абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

ИИМдин маалыматына караганда, Баткен ОИИБдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук абалды көзөмөлдөп жатышат. Ошондой эле Согди облусунун (Тажикстан) ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулуңду айыл аймагындагы Максат, Сада, Кулуңду айылдарында, Гафуров районунун айылдары менен чектешкен аймактарда күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

Чек арага чектеш Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай—Ворух, Бакай, Ак-Сай—Развилка аймактарында тосмолор коюлуп, аталган айылдардын жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери күнү-түнү кайгуул жүргүзүүдө.

Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу. Түн тынч өттү.

Баткен облусунда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев ОИИБдин жана ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамынын коомдук тартипти камсыздоодогу бардык аракеттерин координациялап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости