www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө-иликтөө иш-чараларын улантууда.
Алсак, 2024-жылдын 1-июнь жана 4-июнь күндөрү УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылында төмөнкүлөрдү кармады:
Аталган фактылар маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 29-30-майында аткезчиликке бөгөт коюу боюнча УКМК тарабынан мурда көрүлгөн чаралар боюнча сот органдары тарабынан бир катар чечимдер кабыл алынды.
-Баткен райондук сотунун чечими менен чектеш тараптан контрабандалык жүк (лимон 778 кг) ташыган Ж.М.А. аттуу КР жараны күнөөлүү деп табылып, кармалган жүк жана АТС маркасындагы «Мерседес-Бенц Спринтер» (баасы 1 млн 200 миң сомдун тегерегинде) унаасы мамлекеттин кирешесине конфискацияланды.
УКМК чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык иш жүргүзгөндөргө кылмыш жоопкерчилиги каралаарын эскертет.
Булак: NazarNews.kg