www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде бош орундар жарманкеси өттү

Баткенде бош орундар жарманкеси өттү. Иш-чараны Баткен мамлекеттик университети уюштурду.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анда аймактагы орто мектептерден 275 бош орун, Баткен шаарындагы мамлекеттик, коммерциялык жана башка уюмдардан 20 бош орун сунушталды.

30га жакын ишкана катышкан иш-чарага окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жана жумуш издеген жарандар катышып, маалымат алышты.

Жарманкенин алкагында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, учурда чет жактан жумуш издеген жарандардын коопсуздугу үчүн зарыл болгон маалыматтар, мүмкүнчүлүктөр менен бөлүштү.

Ал эми Мигранттар үчүн ресурстук борбордун адистери жумуш издеп чет өлкөгө чыгууда эске алчу негизги жагдайлар жана migrant.kg сайты боюнча маалымат беришти.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости