www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунда киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-июнь күнү Лейлек РИИБге Исфана шаарында белгисиз кишинин өлгөнү боюнча кабар келип түшкөн. Иликтөө учурунда 15-июнь күнү саат 16.50 чамасында Исфана шаарынын 41 жаштагы тургуну Ж.Б. тааныштары – 49 жаштагы Б.А., 41 жаштагы М.Б. болуп үчөө арак ичишкени такталды. Ичип отурганда ортодогу пикир келишпестиктен өз ара айтыша кетишип, 41 жаштагы Ж.Б. колундагы бычагы менен 49 жаштагы Б.А.ны мойнуна бычак сайып, өлтүрүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул факты Лейлек РИИБде Жазык Кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми алынган заттарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектелген 41 жаштагы Ж.Б. качып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости