www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурунда Кыргызстандык беш президент менен коңшу катары иштешкен Казакстандын экспрезиденти Нурсултан Назарбаев коронавирус оорусуна чалдыкканы тууралуу кабар КМШ эмес, дүйнөнүн оозун ачырып койду. Көрсө, байлар, экс-президенттер деле коронавирус оорусуна чалдыгат экен да. Эң эле коркунучтуусу 80 жаштан өткөндөр үчүн коронавирус бычактай эле шылып кетет экен. Борбордук Азияда башка мамлекеттерге салыштырмалуу экс-президенттердин макамын алышпаса да экс-президенттер бизде  жетиштүү. Экс-президенттер ичинен Нураке менен куда-сөөк болгондору да бар. Ал менен түз кызматташтык түзгөндөрү да бар, чырлашып ызы-чуу болгондор да бар.

Учурдагы Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге тез арада толугу менен сакайып кетишин каалады. Кыргызстан Президенти ак ниет коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана шериктештикке негизделген кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүшүнө Нурсултан Назарбаевдин кошкон салымын өзгөчө баса белгиледи. Ошондой эле тараптар эки өлкө коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоого багытталган бергелешкен күч-аракеттер жана ошондой эле эки мамлекеттин экономикасын колдоо  менен гана жеңип чыгарын белгилешти. Биздин экс-президенттер арасында шумдуктар бар, арасында элден обочолонуп СИЗОдо жаткандары да бар. Деги алар коронавирус жуктуруп алышкан жокпу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости