www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун Кадамжай районунда тамак-аш ботулизми менен жабыркаган беш адам катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, жабыркагандардын баары Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунун (ЦОВП) жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
«Үч жабырлануучунун абалы өтө оор деп бааланууда. Алар жасалма дем алдыруучу аппаратта, дагы экөөнүн абалы оор. Учурда керектүү дарыланууда. Клиникалык материалдар бардык жабырлануучулардан лабораториялык текшерүүгө алынды», - деп билдирди министрлик.
Алдын ала эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабыркагандар ооруканага жаткыруу алдында үй шартында жасалган жашылча консервалары менен тамактанышканы аныкталган.
Ботулизм - ботулизм таякчалары менен булганган жана ботулинум токсиндери бар тамак-аштарды жегендин натыйжасында нерв системасына таасир этүүчү тамак-аштан катуу уулануу. Ботулизмдин козгогучу кычкылтексиз өнүгө турган анаэробдук бацилла Clostridium botulinum. Медициналык жардамга өз убагында кайрылбаган учурда ботулизмден өлүм 70 пайызга жетет.
Булак: NazarNews.kg