www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Котур ташын койнуна салып жүргөн» Суваналиев деген бар. Былтыр Коопсуздук Кеңешин «өзүм билем» деп жүрчү. Парламенттик шайлоо башталганда өзү жасаган «ирик-чирикти» бийликке түртө салып, өзү таптаза киши катары Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстанына» кире качкан. Октябрда парламентке өтпөй калган партиялар башаламандык баштады. Парламентке өтүп алган Суваналиев бийлик алмашар менен, аларга кошулуп алып, Курсан Асанов экөө коопсуздуктун башына келди. Чоң кызматка келер менен аны депутат кылган Мадумаровду чанып, башынан ылдый «жарма куйду». Жаңы бийликке жагынып өнөктөшү Курсан Асановду «жанчып» каматууга себепкер болду. Балким ошондуктан Баткен облусуна губернатор болгондур. Баткен облусуна Мамат Айбалаев, Айжигитов Султанбай сыяктуу бир кадам жер үчүн күрөшкөн «патриот» губернаторлор болду, Аскар Шадиев, Жеңиш Разаков сыяктуу акча үчүн бардыгына даяр, өз кызыкчылыгын ойлогондор деле болду.

Учурда Баткенде чыр болуп жатат. Жаңы эле автобуска баткендик аял түштү. «Силер бул жерде жайма-жай отурасыңар. Биздин айылда атышуу болуп, эки кайниме ок тийиптир» - деди. Түшүнгөн кыргыздар, башыбызды жерге салып үндөгөн жокпуз. Ушундай оор кырдаалдарда Баткендин жетекчиси Өмүрбек Суваналиев социалдык тармактардагы койгон кишилери аркылуу «Баткенге өзгөчө статус берүү керек» деп өз мансабын ойлоп жатса, эмне дейт элек. Баткенде чыр болуп жатса, «статусун» ойлогон Өмүрбек Суваналиев чыр тереңдеп кетсе күнөөнү азыркы бийликке түртө салып, Баткендин губернаторлугунан куйругун түйүп, жаңы бийликке Сыймык Жапыкеев сыяктуу каршы чыгары бышык.

«Ишенген кожом сууга акса, алды–артынан тал карма» - дейт. Мындай иштин далайы Өмүрбек Суваналиевдин башынан өткөн. Чет мамлекетке кетип бараткан бир поюз курал-жарак кармадым деп, өзүн «Каттани» жарыялаган Өмүрбек Суваналиев, эбакта «Көтани» атка конгон. Ал поюздагы курал-жарак ойдон чыгарылган нерсе экен. Болбосо, эл аралык масшабдагы чыр болмок. Өмүрбек Суваналиевдин эптеп бийлик алыш үчүн жасаган «маневри» сыяктуу. Бийликке келген соң апчеси Майрам Акаеванын «чынжырлаган күчүгүнө» айланды. Бир маселе гана өтө коркунучтуу. Сатыбалды Жээнбеков, Акаевге тынчтык бербей парламентте анын ар бир тескери кыймылына баа берип турган. Аны жоготпосо Акаевге өтө оор болуп калмак. Балким, ошондон уламбы ал ооруканада ууланып жап-жаш көз жумган. Жээнбеков ууланар алдында азыркы Улуттук китепкананын артындагы үйүнө жубайы Токмокко кеткенин билип Өмүрбек Суваналиев Бакетаев менен эмнеге барды? Өмүрү аракты оозуна албаган Жээнбековдун үйү ошол күнү кошуналарынын айтуусунда бака-шакага толуп турганы кандай? Мейли, бака-шака боло берсин, эмне себептен Сатыбалды Жээнбеков ууланып каза тапты? Бул иш ошол кездеги бийликтин айынан аягына чыккан эмес.

2006-жылы ноябрда Өмүрбек Суваналиев Алмазбек Атамбаевдин «кол баласы» катары бийликке каршы митингдерди уюштургандардын бири болгон. Бирок, бийлик ага Ички Иштер министрин берери менен жанындагы бирге жүргөндөрдү бүт «кидать» этип Ак үйгө кире качканы кандай? Аны министр катары үчүнчү чакырылыштагы парламент бекитпей коёт. Туура кылышкан, анткени анын сырын билишкен, «Карышкырга кой кайтартпайт». Министрге өтпөй калган Өмүрбек Суваналиев терисин тескери жамынып, «хамалеондой» бийликке каршы  өкмөт башчысына өтпөй калган Феликс Кулов менен «Бириккен Фронтту» түзүп, апрель митингдеринин башында турат. Анын кытмырлыгын түшүнгөн бийлик, ага Нарын облусунун губернаторун сунуш кылат. Ушуну эле күтүп турган Өмүрбек Суваналиев таскактаган бойдон макул болуп, бийликти мактап жатып калат. Ал эми аны ээрчип, акыйкат издеп келген эл, талаада калат. Митингчилердин “ышпалдасын” ал кездеги өкмөт башчысы Атамбаев чыгарат.

Нарынга губернатор болуп эмнени кыйратты? Токмоктук маркум жердешибиз “Граф” бүткүл орусиялык “мыйзамдагы уурулардын” сходкасын Нарындын жайлоолорунда бутун сунуп өткөрдү. Бийлик алмашып мамлекет башына апчеси Роза Отунбаева келер менен мурунку бийликти Жетим-Тоого кытайлыктарды каптатып жиберген, Торугарттагы бажы постту ичкери жылган деп жамандай баштаган. Жетим-Тоого кытайлардын киргизбей коюш, Торугартта бажы постту жылдырбаш, ошол жердин губернаторунун түздөн-түз иши эмеспи. Нарындын губернатору ким эле? Өмүрбек Суваналиев!  

Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева «апчелеп» келген Өмүрбек Суваналиевди кантип жактырбай койсун. Арийне, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Суваналиевдин жасаган «былыктарын» түшүнүп «Көтани» деп массалык-маалымат каражаттарына жазып чыккан. Өмүрбек Суваналиевдин жылма саясатын түшүнгөн Атамбаев президенттик тушунда жакын жолотуп койгон эмес. Аны жакындатып Коопсуздуктун Кеңештин (Совбез) «эки тизгин, бир чылбырын» карматкан Сооронбай Жээнбеков жаңылганын кийин түшүндү. Анткени, Өмүрбек Суваналиев Коопсуздуктун Кеңешинде жүргөн АКШтын тыңчысына айланды. Өмүрбек Суваналиев АКШ сунуштаган Келишимге бийликтин кол коюсу үчүн жан үрөдү. Бул келишим боюнча АКШ Кыргызстанды мазактап «вассалына» айлантмак, АКШны жактагандар, «Азаттык» үн алгысы, НПОлор кол тийбестик укугуна ээ болмок. Бирок, бул келишимге кол койбой Сооронбай Жээнбеков туура иш кылды. Тарыхта таза адам бойдон калды. Ал эми башынан аягына чейин «бокко чыланган» Өмүрбек Суваналиев өзү депутат болгону менен, өзү отурган бутакты өзү кыйды. Ары-бери чамынды АКШнын түрткүсү менен октябрь башаламандыгынын Башкы дирижеру болду. Баткенге губернатор болду. Бирок, биринчи эле кыйынчылыкта көнүп алган Өмүрбек Суваналиев Камчыбек Ташиевге күнөөнүн баарын үйүп «жылт» коёру бышык. Камчыбек Ташиев 2011-жылы президентке талапкер болгондо Өмүрбек Суваналиев жамандап жатып, тили кургап, акактап калган, аны «Көтани» унутса да эл унутпайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости