www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Бүгүн, 30-апрелге карата Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу, ок атуулар токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, учурда милиция кызматкерлери менен аскерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кыргыз-тажик чек арасындагы абалды толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алып жатканы айтылды.

«Азыркы күндө чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө. Милиция кызматкерлери тарабынан блок-посттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Баткенде чыр 28-апрелде чыккан. Таңга маал абал курчуп, эртеси эки тарап ок чыгара баштаган болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү ведомство жетекчилери ымалага келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы менен түндө Баткендин Лейлегиндеги айылдарда үйлөр, дүкөндөр өрттөлгөнү айтылган.

Чек ара чырынан каза тапкандардын саны 13гө жетип, 121 адам жабыркаган.

Баткен районунун Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режими киргизилген.

Ал эми Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски -Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуздук жайларга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуациаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости