www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы эркек кишини издөө иштери улантылууда.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя 10-августта болжол менен саат 18:00дө Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылындагы Кожешкен жерлигинде болгон.

48 жаштагы эркек киши Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

11-августта издөө иштерине ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын, ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган жалпы 24 адам тартылган.

Бүгүн, 12-августта издөө иштерине кошумча күчтөр тартылды. Ага Баткен району боюнча №106 ӨКБдан 11 куткаруучу, №26 ӨКБдан 5 куткаруучу, РӨКОнун №3 ӨИКОдан 9 куткаруучу, ИИМдин 12 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 15 адам катышууда.

Мындан тышкары, издөө иштерине ИИМден 2, ӨКМден 1 — жалпы 3 дрон тартылды.

Издөө иштери уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

Последние новости