www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда Индиядан аткезчилик менен алып келинген буйволдун эти кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бажы мыйзамын бузуулардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жана элдин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Анын алкагында Кадамжай районунда КР жараны Т.Р.К. башкаруусунда Mercedes-Benz-Sprinter 413 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда эч кандай бажылык тариздөөнү тастыктабаган жана жүктү коштоп жүрүүчү документтери жок Индия өлкөсүндө өндүрүлгөн тоңдурулган буйвол эти табылган. Мыйзамсыз ташылып келе жаткан эттин жалпы салмагы 3 тоннаны түзгөн.

«К.И.» ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, буйвол этинин орточо базар баасы 550 сом, ал эми жалпы 3 тонна эттин баасы 1 млн 650 миң сомду түздү.

Факт каттоого алынып, чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Последние новости