www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарынын 40 жаштагы тургуну У.С. аттуу жаран (аял киши) 2026-жылдын 18-январында милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал социалдык тармактагы Одноклассники тиркемеси аркылуу белгисиз жаран менен таанышканын билдирип, аталган жаран өзүн Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну, Кадастр ишканасында иштеген М.К. катары тааныштырып, “арзан баада жер алып берем” деген шылтоо менен жабырлануучудан 302 370 сом акчасын алдын ала котортуп алган. Акча алгандан кийин ар кандай шылтоолор менен алдап жүрүп, акырында социалдык тармак аркылуу байланышты үзүп, жабырлануучуну кара тизмеге киргизип, изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынан өзүн М.К. деп тааныштырган жаран кармалды. Анын чыныгы аты-жөнү 1980-жылы туулган И.Ш. экени, Чүй облусунун тургуну жана буга чейин бир нече жолу сот жоопкерчилигине тартылганы аныкталды.

Кармалган жаран тиешелүү документтери менен Баткен ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, убактылуучу кармоо жайына киргизилди. 

Учурда тергөө иштери улантылууда.

 

Последние новости