www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусундагы тергөө амалдарынын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 11-мартта Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмүндөгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Баткен районунун Самаркандек айылындагы кампага тинтүү жүргүзүү учурунда кампанын ээси М.А. жетектеген жыйырмага жакын адам УКМКнын мыйзамдуу иш аракеттерине ок атуучу куралды колдонуп каршылык көрсөтүштү.
Тактап айтканда аткезчилер менен УКМКнын кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болду.
«Мамлекеттик номурлары жок 6 оор жүк ташуучу унаанын экөө чек арадан өтүп кетүүгө үлгүрдү. Кагылышуунун кесепетинен УКМКнын эки кызматкери жеңил жаракат алды. Учурда каршылык көрсөткөн аткезчилер кармалды», - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg