www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин Кадамжай райондук күзөт кызматынын башчысы, милициянын майору Т.К.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган Т.К. А. кол алдындагы кызматкерлерден мөөнөтүнөн ашык иштегендиги үчүн, ошондой эле негизги эмгек акысы үчүн түшкөн акча каражаттарынан ай сайын 10 миңден 30 миң сомго чейин системалуу түрдө опузалап алып тургандыгы аныкталган.
"Баткен облусу боюнча ИИМ Ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Т.К.А. кезектеги 95.000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.
Учурда кармалган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.