www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен районунда жашы жете электер арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында «Салам, мектеп!» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө.
Баткен РИИБдин Кара-Бак милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан иш-чаранын алкагында окуучуларга коомдук жайларда өзүн туура алып жүрүү, жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана жолдо этият болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле балдарга ар кандай кырдаалда коопсуз жүрүм-турум эрежелерин сактоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана жолдо жүрүү маданиятын калыптандыруу боюнча эскертүүлөр берилди.
Милиция кызматкерлери окуучуларды өз коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырышты.