www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде рейд жүрүшүндө дайынсыз жоголгон кыз табылды

Кызыл-Кыя шаарында 12-14-июль  күндөрү балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жайкы каникул убагында оор жумушка тартылган өспүрүмдөрдү,  кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында “Өспүрүм-Эмгек” аталышындагы иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан “Таштемир-Ажы” борбордук базарында араба сүйрөгөн, кафе-ресторандарда,  түнкү компьютердик клубдарда эмгектенип жаткан өспүрүмдөрдү аныктоо максатында түнкү-күндүзгү рейддерди уюштурду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 3 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө  дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости