www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде сарай өрттөндү

Баткен районунун Чет-Кызыл айылында сарайдын чатыры толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 20:35те толук өчүрүүгө жетишкен.

«Тилсиз жоонун кесепетинен сарайдын чатыры толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты 80 чарчы метрди түзүп, 16 даана шифер, 14 даана темир лист, 500 таңгакталган чөп чыгымга учураган»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалым болгондой, өрттүн кесепетинен жабыр тарткандар жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости