www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда жапайы жаныбарды мыйзамсыз аткан жаранга карата административдик чара көрүлдү.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аңчылыктан коргоо максатында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Кадамжай районунун аймагында С.К. аттуу жаран тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок бир баш жапайы каманды мыйзамсыз аткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 12 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган. Ошондой эле жаратылышка келтирилген зыян үчүн 50 000 сом өлчөмүндө доо коюлган.

Министрликтин маалыматына караганда, жапайы жаныбарлар мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болуп эсептелет.

Мыйзамсыз аңчылык биологиялык ар түрдүүлүккө терс таасирин тийгизип, жаратылыштагы тең салмактуулукту бузат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды аңчылык иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, мыйзам бузган учурларда жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Последние новости