www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде жарадар болгондордун дээрлик бардыгы медициналык мекемелерге оор абалда түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында салматтык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди.

“Ыкчам маалыматтарга таянсак, акыркы 3 суткада 139 адам ооруканага түшкөн. Дээрлик бардыгына операция жасалды. Операциялар татаал болгон, аларга Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустардан дарыгерлер тартылган. Алар абдан чоң жардам көрсөттү”, – деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Тажикстандын агрессиясынын кесепетинен 134 кыргызстандык жабыркап, 36 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости