www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов унаа кырсыгынан жабыркаган жоокерден кабар алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус башчысы жоокердин ата-энеси менен жолугуп, алардын баласына бардык тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгын, муктаждык болсо дарылануусун улантуу үчүн борборго жеткирилээрин айтты.

Ошондой эле Ош,Бишкек шаарынан атайын чакыртылган дарыгерлер менен сүйлөшүп, бүгүнкү операциясын ийгиликтүү жасалаарына ишенимин билдирди.Жергиликтүү саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилерине керектүү бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.

Ыйгарым укуктуу өкүл кырсык боюнча маалымат алаары менен жоокердин саламаттыгын жеке көзөмөлүнө алып, тийиштүү жардамдар көрсөтүлүүдө.

Учурда жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда,абалы оор.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 4-апрелинде Лейлек районундагы "Ак-Суу" чек ара заставасынын 2-чек ара бөлүмчөсүнүн аткычы катардагы жоокер, 2004-жылы туулган Данияр Нурбеков, УАЗ-Пикап үлгүсүндөгү кызматтык авто унаасында келе жатып, бортунан кулап кетип кырсыкка учураган.

Жоокер Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылынын тургуну, ал 2025-жылдын жылдын сентябрь айында аскерге чакырылган.

Учурда кызматтык териштирүү дайындалып, тийиштүү иштер алып барылууда.

Последние новости