www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-апрелде Ак-Суу - Раззаков трассасында кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер унаадан кулап, оор жаракат алды.

Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2004-жылы туулган жоокер кызматтык “УАЗ-Пикап” унаасынын кузовунан тоолуу аймактагы жолдо катуу силкинүүдөн улам учуп кеткен.

Окуядан кийин ал эс-учун жоготкон.

Жабырлануучу тез арада ооруканага жеткирилип, Лейлек райондук ооруканада жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Ош шаарынан барган дарыгерлер тарабынан шашылыш операция жасалды.

Учурда анын абалы оор, бирок туруктуу деп бааланууда. Дарыгерлер азырынча Бишкекке которууга болбой турганын билдиришти.

Окуя боюнча кызматтык иликтөө башталып, кырдаал жетекчиликтин көзөмөлүнө алынды.

Последние новости