www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда чек арадагы кагылышууда набыт болгон жарандардын жакындарына берилчү компенсация тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, каза болгон аскер эмес 15 адамдын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон берилет. Ал эми жарадарларга алган жараатына жараша компенсация төлөнүп турат.

Ал эми курман болгон аскер адамдарынын жакындары канчадан алары такталган. Учурда тийиштүү органдар укуктук-ченемдик документтер менен иштеп жатат. Өкмөт башчы анын так суммасын атаган жок.

Өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев денесинен оор жаракат алган жети адамга 200 миң сомдон, жеңил жаракат алган 23 кишиге 100 миң сомдон берилгенин кошумчалады.

Ошондой эле Жапаров кагылыш учурунда октон 63 адам, жол кырсыгынан 12 киши набыт болгонун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости