www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги окуя боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын курамы

Президент Садыр Жапаров «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Анда чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын курамына кимдер кирери айтылды.

Комиссиянын курамы төмөнкүлөрдөн турат:

— Премьер-министр — мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

— 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү;

— Экономика жана финансы министринин биринчи орун басарлары;

— Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары;

— Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары;

— Ички иштер министринин биринчи орун басары;

— Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

— Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

— Коргоо министринин орун басары;

— Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

— Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары;

— Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары;

— Билим берүү жана илим министринин орун басары;

— Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

— Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;

— Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости