www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен шаары менен Баткен жана Кадамжай райондорунун бир катар айыл аймактарында сел жүрдү. Натыйжада турак үйлөрдү, короо-жайларды, административдик имараттарды, автоунааларды жана жолдорду суу каптап, материалдык чыгым келтирди. Айрым жерлерде электр энергиясы өчүп, жол каттамдары убактылуу жабылды.

Учурда облус башчысы Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги алдында тиешелүү кызматтар селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалымат боюнча адам өмүрүнө зыян келген жок. Материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда.

Последние новости