www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында атышуу башталганда Kloopтун журналисттери куралдуу жаңжалды чагылдыруу үчүн окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Бирок 16-сентябрда чек арада кырдаал курчуп, журналисттер тургундар менен бирге коопсуз жайга кетүүгө аргасыз болушкан.
15-сентябрда Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды “салыштырмалуу туруктуу” деп мүнөздөп, түн тынч өткөнүн да кабарлады.
Бирок 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кеткен. Кыргызстандын чек ара кызматы тажик тарап чек аранын бардык тилкелериндеги аскердик жана жарандык объектилерге кол салганын билдирди. Маалыматта тажик чек арачылары оор аскердик техникаларды колдонгону айтылат.
Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, Баткен районунун 11 пунктунда жана Лейлек районунун 12 калктуу конушунда аскердик кагылышуу болду. Алардын бардыгы жыш жайгашкан турак-жай райондору.
Көп өтпөй Кыргызстандын УКМКсы тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатканын билдирген.
Атылган октун кесепетинен чек арадагы айылдардын тургундары үйлөрүн таштап кете башташты.
Аткылоодон улам Баткендеги айрым жолдор жабылып, узун тыгындар пайда болду. Ошко кеткендер Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтүүгө аргасыз болушкан.
Түшкө чейин Баткен районунун Тажикстан менен чектеш ондон ашык айылынын тургундары Баткен шаарына көчүрүлдү.
Түшкө маал тажик тарап Баткендин борборун аткылап, анын кесепетинен жарандык инфраструктуралык объектилер талкаланган. Ал эми шаарга чогулган эл Кадамжай району тарапка кетүүгө аргасыз болду.
Тажикстандын Сурх айылы менен чектеш, Төрт-Көчө аймагына жакын жайгашкан Самаркандек, Паскы-Арык, Орто-Боз, Таш-Тумшук, Ак-Сай айылдарынын тургундары Лейлек районун көздөй көчүп келишти.
Кулунду, Максат, Интернационал, Оочу, Сада, Раззаков, Ак-Арык, Кайрагач жана Булак-Башы айылдарынын миңдеген тургундары Сүлүктү жана Раззаков шаарларына көчүрүлдү.
Ал ортодо Достук, Жаштык, Борбордук жана Бешкент айылдарынын тургундары тоо тарапка — Маргун айылына качышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Баткен облусунда 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды.
Баткен районунун айрым айылдары телефон байланышсыз калды. Жогорудагы жерлерден облустук администрация маалымат ала албай калган учурлар болгон.
Үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон Баткен районунун тургундары Кадамжай районуна баш калкалашты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, кагылышуулардын натыйжасында 36 адам каза болуп, 139 кыргызстандык жаракат алган.
Булак: Kloop