www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, Баткенде чек арага жакын аймактарда иштеген ишканалар жер, мүлк, пайдага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат. Ошондой эле, беш жылдан 10 жылга чейин киреше салыгына жеңилдик берүү каралган. Мындан тышкары инвестициялык жана мамлекеттик сатып алуу боюнча өзгөчө режим киргизилет. Долбоорду депутаттар бир добуштан колдоду.

Расмий маалыматка ылайык, Баткендеги 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда. Эгерде Баткенге өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, мындай айыл өкмөттөрдөгү билим берүү, маданий объектилер республикалык бюджеттен түз каржыланат. Аткаруу бийлиги муну менен бир жылдын ичинде 6-8 айыл өкмөтү дотациядан чыгат деп божомолдоп жатат.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. 136 үй, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Дал ушул окуялардан кийин Баткен облусуна өзгөчө макам берүү демилгеси кайрадан көтөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости