www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкты колдоо максатында ачылган атайын эсепке саат 18.00гө карата 18 миллион 175 миң 38 сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы билдирди.

Каражаттар Финансы министрлиги тарабынан ачылган атайын эсептешүү эсебине которулушу мүмкүн. Акчаны Улуттук Кызыл Жарым Ай коомуна да которууга болот.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги 140 адам жабыркап, 46 адам каза болгонун билдирди. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылдын 19-сентябры Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости