www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БатМУнун ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар аныкталды

Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, окутуу мекемесинин катышуу журналдарын изилдөө жана тесттик, экзамендик отчеттордун жыйынтыктары көрсөткөндөй, студенттердин көпкө сабакка келбегендигине, анын ичинде тийиштүү тесттерди жана экзамендерди тапшырбагандыгына карабастан, институттун жооптуу кызматкерлери студенттер менен тил табышып, бул фактыны жашырып, студенттердин катышуусуз алардын андан ары билим алышына уруксат беришкен.

Окуу жана экзамендерди тапшыруу мезгилинде студенттердин белгилүү бир бөлүгү Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөндүгү жана республиканын башка аймактарында жашагандыгы аныкталган.

Институттун ишмердүүлүгүн объективдүү жана толук текшерүү максатында КР Билим берүү жана илим министрлигинде атайын комиссия түзүлүп, анда аныкталган фактылардан тышкары дагы бир катар одоно мыйзам бузуулар, анын ичинде каржылык мыйзам бузуулар да бар экендиги такталды.

Учурда БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндөгү бардык кызмат адамдарынын жоопкерчилигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости