www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши каралат. Бул тууралуу Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова кабарлады.
Маалыматка караганда, соттук жараянда башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова суракка алынары күтүлүп жатат.
«Мен Усманованы сотко мажбурлап алып келүү тууралуу өтүнүч берип судья аны колдогон. Эми аны суракка алабыз. Ал сотту, тараптарды сыйлап жараянга келиши керек. Себеби, анын көрсөтмөсү маанилүү. Анын үстүнө Усманованы суракка алуу өтүнүчүн башында прокурорлор да берип жатышкан»,- дейт Сыдыкова
Эскерте кетсек, Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.
Булак: NazarNews.kg