www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгышын Аида Салянова башкы прокурор кезинде башкача мүнөздемө берип келген.  Бул боюнча эч ким ага көрсөтмө бербегенин да бекемдеген эле. Коомчулукта болсо Батукаев оорусунун кесепетинен түрмөдөн мыйзамдуу чыгып кеткени боюнча пикир калыптанган.

Качан гана Салянова камалгандан кийин баштапкы сөзүнөн айнып, тергөө менен кызматташып, күнөөнүн баарын Атамбаевге оодара салганын кандайча түшүнөбүз? Ички абийир, туруктуулук деген кайда? Ар ким өзүнүн кызматтык жоопкерчилиги үчүн турушу керек да. Албетге, бул маселеде кимдин күнөөсү болсо жазасын алышы зарыл. Таңгаласың, Батукаевдин «коргоочусу» катары түрмөдөн чыгарып ийүүгө шарт түзүп, андан кийин ойт берип кете береби? Анын «мыйзамдуу» бошоп кеткенин Салянова айтып келбеди беле? Дал ушул чуулгандуу сот процессине экс-башкы прокурор айыпталуучу эмес, күбө катары өтсө тергөө артка тебилбейби? Айтор, суроолор көп деп "Азия news" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости