www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетүүсү боюнча кыргыз бийлигинин бир топтору "кыргынга" учурады. Далай министр, директор, башчы, этеги доктурларга чейин суралып, жыйынтыгында Атамбаевди да ала жатты. Ушул кезде көпчүлүк сурактар дал ошол Батукаевдин иши менен байланыштуу.
Кызыгы, кыргыздын кыйын жигиттеринин кулагын кесип, кордук көрсөтүп, кыргыз бийлигин шылдыңдап, кызыл килем менен Кыргызстандан чыгып кеткен Азиз Батукаевге паспорт берген Эрлан Сапарбаев каякта? Сапарбаев ушул убакка чейин суракка чакырылдыбы? Башкасын айтпаганда да "мыйзамдагы ууруга" Кыргызстан мыйзамдуу түрдө учуп кетүүгө документ берген Сапарбаев жоопкерчилик тартса жарашпайбы? Сыйкыр таягы же тилинде мөөрү барбы? Эгер чакырылса, ага көрсөтмө берген Феликс Куловдун кулагы чыгабы? Болушу мүмкүн. Аны да көрө жаталы, -деп "Факты kg" гезити жазып чыкты.
NazarNews.kg