www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш чалгын кызматтары: Орусия Киевди ала албайт

Батыштын аскерий эксперттери жана чалгынчылары орус армиясы Киевди басып алуу операциясын жүргүзө алаарынан күмөн санашууда. Бул тууралуу MIGnews.com жазды. Батыш мамлекеттеринин чалгын кызматтары Орусиянын Киевге кол салышы «сазакка батып калганын» көрсөтүүдө.

Киевди басып алуу бүткүл орусиялык Украинадагы авантюранын негизги максаты деп эсептелген, бирок танктардын колонналары Киевдин чет жакаларында тыгылып, украин аскерлеринин катуу каршылыгына дуушар болгон.

Батыштык аскерий аналитик Sky News телеканалына: «Киев сыяктуу жакшы корголгон шаарга кургактан жасалган чабуул, эгер аны чындап эле мотивацияланган аскерлер коргосо, бул өтө кымбатка турмак.

Менин оюмча, биз Орусия да жоготууларды санай баштаган учурга келдик. Киевдин жанындагы бүт чабуул операциясы азыр суроо астында. Биз күтүп, ал жерде эмне болорун көрүшүбүз керек.

Орусиянын алдында - эки вариант: Ал шаарга кол салууга аракет кылышы мүмкүн, же аны курчоого алуу менен муунтууга аракет кылышы мүмкүн», - деди ал.

Бирок, учурда Украинадагы орус күчтөрү шаарды толук курчоого жетпейт – Харьковду курчоого албагандай эле.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости