www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Норвегия-Хельсинки комитети журналисттер Анора Саркорова менен Рустам Жонинин жакындарына басым көрсөтүп жатканы үчүн Тажикстандын бийлигин сынга алды.

Комитеттин 14-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө журналисттердин жакындарына басым көрсөтүү – Тажикстандагы сөз эркиндигине жасалган чабуулдун дагы бир түрү болуп эсептелери белгиленген.

"Авторитардык режимдер адам укуктарын бузганы үчүн жазаланбаган учурда ушундай көрүнүштөр болот. Вашингтон менен Брюсселди Тажикстандын бийлигин өздөрүнүн санкциялык тизмесине киргизүүгө чакырам", – деди комитеттин башкы катчысы Берит Линдеман.

Норвегия-Хельсинки комитетинин билдирүүсүндө расмий Душанбенин бул аракети бийликти сындаган чет өлкөлөрдөгү адамдардын "үнүн басууга" багытталганы белгиленген.

Прагада жашаган тажикстандык журналисттер Рустами Жони менен Анора Саркорова социалдык түйүндөр аркылуу Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда болгон 2021-2022-жылдардагы нааразылыктардын күч менен басылышын кескин сынга алып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости