www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушундай. Капиталисттердин жетегинде калган Кыргызстанда мамлекет талкаланып, эли чачырап калды. Кыргыз бийлигинде коррупция менен мафия гүлдөп, капиталисттер түзүп берген «өзүн-өзү жок кылуу системасын» жана миллиардер Ж.Соростун программасын кынтыксыз аткарып келе жатышат. Ж.Соросту «поросята эмес, соросята» деп шылдыңдаган Россияда билим берүү тармагын оңдоп чыгышып, келечек муунду кадимки советтик система менен окутушууда.
А биздечи? Кыргыздын улуттук идеологиясына жүз пайыз карама-каршы болгон Батыштын идеологиясын таңуулап, кыргызды кыргызга душман кылып тарбиялап жатышат. Ал аз келгенсип, диний фанаттардын идеологиясын жайылтып, өткөн кылымдарга өтүп алышкан. Курутуп баратышат. Манас, Семетей, Сейтек, Эр Табылды, Эр Төштүктөрдү кайталай беришип, 2022-жылдагы болуп жаткан окуялар менен иштери да жок. Үчүнчү дүйнөлүк согуш болуп, жер астын-үстүн болуп кетсе да кыргыздарга айырмасы жоктой көрүнөт. АКШнын фейк пропагандасын кулагы чалып калса керек, кыргыздын белгилүү саясат таанучусу «Россиянын тиши сынды» деп дөөрүп турганына караганда. Кыскасы, кыргыздардын аң-сезими качан ойгонору белгисиз. Кудай буюруп ойгонуп калса, бийлик, байлык, акчадан сырткары кызыктуу нерселер бар.
Кыргыз жаштары башаламан идеологияга туш болушса, илимий чөйрөдөгүлөр плагиаттарга айланышып, педагогдор демагог болуп калышты. Бүгүнкү кыргыз бийлигиндеги диний жана провинциялык көз караштагы адамдар кыргыз элинин толгон-токой көйгөйлөрүн чече алышабы? Эгер колдон келбей баратса, илгерки СССР убагындай Россия менен бирдикте бардык маселелерди чече алышат.
Эң негизгиси, айтканды туура кабыл алышса, кичинекей Кыргызстанды өнүгүү жолуна салуу эң жөнөкөй. Кудай уруп, «облус-райондорду Япония, Франция, Араб Эмираты, Түркияга берип өнүктүрүп алалы» дешсе, болгону Кыргызстанды таркатып берип, өздөрү басып кетишет. 49 жылга арендага беришсе, ага чейин кыргыз бийлиги канча жолу алмашат? Жеңил ойлуулукка жана обужоктукка жол берсек, Кыргызстанды жоготуп алышыбыз мүмкүн.
Булак: Азия News гезити