www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Басылма Макрон менен Еврокомиссия башчысы Урсула фон дер Ляйендин сүйлөшүүсү учурунда өтө талуу, кылдаттыкты талап кылган маселе көтөрүлгөнүн билдирген.
Франция президенти Эммануэль Макрондун Украина темасында Си Цзиньпинди Россияга кысым жасоого көндүрүү аракети жыйынтык бербей, тескерисинче, Москва менен Пекиндин кызматташуусун Батыш сындап жатканы Кытай лидеринин ачуусун келтирген. Бул туурасында РИА Новости The New York Times басылмасына шилтеме кылып жазды.
Гезит Париждеги сүйлөшүү учурунда лидерлер кепке келүү, жарашуу жөнүндө чакырыкты колдоп, бирок "Россияга Пекин тараптан кысым жасоо жаатында эч кандай алдыга жылуу болбогонун" белгилеген.
"Кытай төрагасы Си Цзиньпин Россия менен тыгыз байланышта болгону үчүн айтылган сынга кескин каршы чыгып, "бул кризис боюнча жоопкерчиликти үчүнчү өлкөлөргө оодара салып, алардын аброюн түшүрүү жана кырдаалдын кансыз жаңы согушту баштоо үчүн колдонулушун колдобой турганын" да билдирди", — деп жазган NYT.
Си Цзиньпин, андан сырткары, украин кризисинин башында турбагандыгын жана ал тараптардан да эместигин айткан.
"Ачууланган эскертүү, кыязы, Кошмо Штаттарга багытталды окшойт, Америкада негизи Кытай россиялык мунай, газды ири көлөмдө сатып алгандан сырткары Москвага жардамдашууда (атайын операцияда — ред.) деп эсептеп келишет", — деп айтылат макалада.
Басылма Макрон менен Еврокомиссия башчысы Урсула фон дер Ляйендин сүйлөшүүсү учурунда Сиге кысым, басым жасашып, Украинадагы атайын операцияны токтотууда аталган лидердин Москвага таасирин көрсөтүшүнө аракет кылышканын жазды. Бирок Кытай лидеринин бул маселени чечүү боюнча кандайдыр бир кадам жасаары байкалган эмес.
Си Цзиньпин жекшембиде Францияга барган, аталган аймакта шаршембиге чейин болот. Макрон менен жолугуп, фон дер Ляйендин катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда Си Украинадагы согуштун дагы ырбап кетишине каршы туруу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнө шарт түзүү үчүн Кытай, Франция жана Евробиримдик биргелешип иш алып баруу зарылдыгын белгилеген. Анын айтымында, Кытай Россия да, Украина да тааный турган эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүнү колдойт.
Булак: NazarNews.kg