www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын төрт лидери Киевге келишти

Италиянын премьер-министри Джорджия Мелони, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Бельгиянын премьер-министри Александр де Кро жана Еврокомиссиянын (ЕК) төрагасы Урсула фон дер Лейен Киевге келишти. Бул тууралуу Reuters билдирди.

Батыштын төрт лидери Польшадан поезд менен келишти. Агенттиктин маалыматына караганда, бул сапар менен алар Украинага тилектештик билдирүү ниетинде.

Буга чейин жетиликтин (Чоң жетилик) өлкөлөрүнүн башчылары 24-февралда Украинага мындан аркы колдоо көрсөтүү боюнча биргелешкен билдирүүнү талкуулашары кабарланган.

Кошумчалай кетсек, Евробиримдиктин (ЕБ) 27 мамлекети Евробиримдиктин коргонуу фондун толуктоо боюнча келишим түзүүнү жана Украина үчүн ок-дарыларды биргелешип сатып алуу боюнча макулдашууну пландаштырууда.

21-февралда Евробиримдиктин элчилери Орусияга каршы санкциялардын 13-пакети боюнча макулдашты. Санкциялык тизмеге 200гө жакын юридикалык жана жеке жактар ​​кошулары такталды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости