www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 23-33-чакырым аралыгында асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аталган тилкеде жолду калыбына келтирүү боюнча тиешелүү жумуштар аткарылууда. Эски асфальт катмарын сыйруу иштери толугу менен аяктап, азыркы тапта жолдун негизин даярдоо үчүн шагыл төшөө жана тегиздөө жумуштары кызуу жүрүп жатат.
Жакын арада жаңы асфальт бетон катмарын төшөө пландалууда.
Жол тилкеси тоолуу аймакта болгондуктан, туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын жумуштун жүрүшүн убактылуу кечеңдетүүдө.
Транспорт министрлиги жарандардан жана айдоочулардан түзүлгөн ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.