www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Базар-Коргон районунда мыйзам бузуу менен менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Тактап айтканда 2006-жылы Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын айыл чарба багытындагы жерлеринде жайгашкан жалпы аянты 9,2 гектарды түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 7 млн 763 миң сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.